Путин Батыш саясатчылары аны түшүнбөй жатканын айтты

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Украина боюнча сунуштарын Батыш саясатчылары түшүнбөй жатканын билдирди. Анын айтымында, бул сунуштарда чындап эле кагылышууну токтотуу каралган. Бирок Батыш саясатчылары бул сунуштардын маңызын түшүнүүгө аракет кылышкан эмес. Бул тууралуу Путин Москвадагы «Примаков окулуулары» форумунун катышуучуларына кайрылуусунда билдирди.
14-июнда Владимир Путин Украинадагы согуш аракеттерин токтотуу шарттарын атады. Президент украин аскерлерин Луганск жана Донецк элдик республикаларынан, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустарынан чыгаруу жана Украинанын НАТОго кошулуудан расмий түрдө баш тартуу талаптарын койду.

Бөлүшүү:
Next Post

Райымбек Матраимов 26-августка чейин камакта калды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-августка чейин узарды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 24-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Айыпталуучу Матраимовго карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тергөөнүн мөөнөтүнкө, башкача айтканда, 26-августуна чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн