Путин Батышты Орешник менен дуэлге чакырды

Автор

Россиянын Президенти Владимир Путин түз эфир учурунда Европада азыр жайгашкан абадан коргонуу системалары «Орешник» системасынын ракеталарын атып түшүрө албай турганын билдирди.
«Орешниктин» мүмкүнчүлүктөрүнө ишенбеген Батыш эксперттерине ал «XXI кылымдын жогорку технологиялуу дуэлин» өткөрүүнү сунуштады.
«Айталы, Киевде белгилүү бир объектти белгилеп, бардык ракетадан коргонуу күчтөрүн ошол жакка топтосун. Биз болсо ал жерге «Орешник» менен сокку урабыз. Анан эмне болорун көрөбүз. Биз мындай экспериментке даярбыз. Экинчи тарап даярбы? Бул биз үчүн кызыктуу болот. Ушундай экспериментти, технологиялык дуэлди өткөрүп көрөлү, анан жыйынтыгын көрөбүз. Бул биздин да, америкалык тараптын да пайдасына болот деп ойлойм»,-деди Путин.
Президент ошондой эле «Орешник» — бул көп жылдык конструктордук тажрыйбага негизделгенин, эң жаңы россиялык иштеп чыгуулар экенин белгиледи. Ракета эмне үчүн «Орешник» деп аталып калганына суроо узатылганда Путин «Чынында, билбейм»,-деп жооп берди.
«Орешник» — бул орто аралыктагы баллистикалык ракета. Анын максималдуу учуу аралыгы 5500 чакырымды түзөт. Ылдамдыгы болжол менен 12,4 миң км/саат. Массасы 1,5 тоннага чейинки жүктү көтөрө алат.

Бөлүшүү:
Next Post

III Элдик курултай: Садыр Жапаров чек ара маселесине токтолду

Көптөгөн жылдар бою ар бир жараныбызды түйшөлткөн, аярлуу жана курч маселелерибиздин бири – өлкөбүздүн чек ара маселеси эле. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда билдирди. Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы толугу менен чечилгендигин сыймыктануу менен айта алаарыбызды белгиледи. “Коңшубуз – Тажикстан Республикасы менен […]

Сизге жагышы мүмкүн