Путин Астанага мамлекеттик сапар менен келди

Автор

Россиянын президенти Казакстанга эки күндүк мамлекеттик сапары менен келди. Аны аэропорттон Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Путин менен Токаев россиялык-казакстандык стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле Казакстандын быйыл ЖККУга төрагалыгын, ал эми Россиянын Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине жана БРИКСке төрагалыгын эске алуу менен ар кандай чөйрөдөгү кызматташтык маселелери каралат.
28-ноябрда Путин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 28-ноябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 86 сом 80 тыйын болсо, сатуу 87 сом 20 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 86 сом 80 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн