Путин: Ар бир өлкөнүн суверенитетин урматтоо жалпы тынчтыкты камсыз кылат

Автор

Жер жүзүндө жалпы тынчтыктын негизги шарты жана кепилдиги – бул ар бир өлкөнүн жана элдин суверенитетин жана кызыкчылыктарын урматтоо. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөн «Заманалардын жана цивилизациялардын байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи» эл аралык форумунда билдирди.
«Биз ишенебиз, жалпы тынчтык жана ар тараптуу өнүгүү ар бир элдин пикирине көңүл буруу менен гана камсыздалышы мүмкүн. Ар бир мамлекеттин өз суверендүү багытына, өз дүйнө таанымына, салттарына жана диний көз караштарына урмат менен мамиле кылуу шартында гана мүмкүн болот»,-деди Россиянын лидери.

Бөлүшүү:
Next Post

Кара-Сууда 10 миң доллар пара берип жаткан айыл башчы кармалды

Кара-Сууда тергөөчүгө 10 миң доллар пара сунуштаган айыл башчы кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жергиликтүү тургундар С.Х., Ш.И., Ю.М., И.Х. жана И.Э. жасалма документтердин негизинде ар бири 0,5 га жер тилкелерин үй куруу үчүн алышкандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факты […]

Сизге жагышы мүмкүн