Путин армияга чакыруу боюнча жарлыкка кол койду

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин армияга жазгы чакыруунун башталышы тууралуу жарлыкка кол койду. Жазгы аскерге чакыруу 1-апрелде башталат.
Жарлыкка ылайык, 1-апрелден 15-июлга чейин 18 жаштан 30 жашка чейинки 147 миң адам аскердик кызматка чакырылат. 15-апрелден тарта аймактардагы жыйындар пункттарынан аскерге милдеттүүлөрдү жөнөтүү башталат.
Быйылкы жазгы чакыруу жаңы эреже боюнча өтүүдө. Аскерге чакыруу курагынын жогорку чеги 2024-жылдын 1-январынан тарта 27 жаштан 30 жашка көтөрүлдү, ал эми төмөнкү чек өзгөрүүсүз калды.

Бөлүшүү:
Next Post

Тим Цзю утулуп калды

Тим Цзю орто салмактагы WBO версиясы боюнча чемпиондук курун коргоду. Анын атаандашы Себастьян Фундара болгон. Беттеш T-Mobile Arenaда өтүп, 12 раундга чейин созулуп, анын жыйынтыгында Цзю экиге бөлүнгөн чечим менен атаандашына утулуп калды. Австралиялык мушкер үчүн бул жеңилүү профессионалдык карьерасындагы биринчи жеңилүү болду. Акыркы беттешинде Тим Брайан Мендозаны чечими менен […]

Сизге жагышы мүмкүн