Путин: АКШга Жакынкы Чыгышта башаламандык керек

Автор

“АКШ Жакынкы Чыгышта тынымсыз башаламандыкка муктаж, ошондуктан алар кан төгүүнү токтотууга даяр болгондорду дискредитациялоодо. Ал гана эмес  БУУ куугунтукталып жатат”,-деп билдирди Россиянын президенти Владимир Путин.
«Аларга Ыйык Жерде туруктуу тынчтыктын кереги жок, аларга Жакынкы Чыгышта тынымсыз башаламандык керек, ошондуктан алар Газа тилкесинде ок атышууну, кан төгүүнү токтотууну талап кылган өлкөлөрдү жаманатты кылуу үчүн колдон келгендин баарын жасашат. Дүйнөлүк коомчулуктун ачык позициясы болгон БУУ да кол салууларга, реалдуу куугунтуктарга жана аны каралоо аракеттерине дуушар болууда”,-деди Путин жолугушууда.
“Россиянын Жакынкы Чыгыш боюнча позициясында эч качан жеке кызыкчылык болгон эмес. Маселени чечүүнүн ачкычы – толук кандуу Палестина мамлекетин түзүү”,-деди Россиянын президенти Владимир Путин.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абадда кызылча оорусунан улам эки мектеп жабылды

Жалал-Абад шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиясынын чечими менен №2 жана №7 мектептер окуучулар үчүн убактылуу жабылып, аралыктан окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, буга кызылча оорусуна кабылган окуучулар көбөйүп кеткени себеп болгон. Жалал-Абад шаарында кызылча илдетине кабылгандардын саны 144 адамды түзгөн. […]

Сизге жагышы мүмкүн