Путин айыпталуучуларды аскердик операцияга жөнөткөн мыйзамдарга кол койду

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин айыпталуучулар менен сот өндүрүшү баскычындагы аскердик келишимдерди түзүүгө мүмкүндүк берген эки мыйзамга кол койду. Тиешелүү документтер расмий укуктук маалымат порталына жарыяланды.
Биринчи мыйзам мобилизация учурунда же согуш мезгилинде айыпталуучулар менен аскердик кызмат өтөө тууралуу келишимдерди түзүүгө мүмкүндүк берет. Экинчи мыйзам мобилизация боюнча аскерге чакырылгандарды же Россиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн айыпталуучуларды кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга мүмкүнчүлүк берет. Аскердик кызматты өтөө учурунда бул адамдарга карата кылмыш иштери убактылуу токтотулуп, баш коргоо чарасы жокко чыгарылат.
Толук кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу мамлекеттик сыйлык алгандан кийин же жаш курагына, саламаттыгына байланыштуу же мобилизациянын аяктоосуна, аскердик абалдын жоюлушуна байланыштуу аскердик кызматтан бошотулганда ишке ашат. Мамлекеттик Дума бул мыйзам долбоорлорун 18-сентябрда биринчи окууда, ал эми 24-сентябрда экинчи жана үчүнчү окууда жактырган. Мамлекеттик Думада азыркы учурда Коргоо министрлиги менен келишимдерди тергөө алдында турган же буга чейин соттолгон жарандар түзө ала турганы түшүндүрүлгөн. Кабыл алынган мыйзам долбоорлору бул механизмди соттолуп жаткан айыпталуучуларга да жайылтат.

Бөлүшүү:
Next Post

КР кубогу: "Мурас Юнайтед" клубуна 30 миң доллар берилди

Бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев “Мурас Юнайтед” (Жалал-Абад шаары) футбол клубунун өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Букуев футбол клубунун өкүлдөрүнө 2024-жылкы КР кубогун жеңгендиги үчүн 30 миң доллар өлчөмүндөгү сыйлык сертификатын тапшырды. Сертификатты клубдун президенти Айбек Алыбаев кабыл алды. “Кыргыз […]

Сизге жагышы мүмкүн