Бир жыл мурда Россиянын президенти Владимир Путинди камакка алууга ордер берген япониялык судья Томоко Аканэ Эл аралык кылмыш сотунун төрайымы болду.
Ал 11-марттагы соттун мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында шайланган. Кызмат мөөнөтү үч жыл болот.
Аканэ менен бирге анын орун басарлары шайланды. Алар италиялык Розарио Айтала жана бениндик Рейн Алапини-Гансу болду.
Аканэ менен Айтала 2023-жылдын март айында Россиянын президенти Владимир Путин менен балдардын акыйкатчысы Мария Львова-Белованы камакка алуу ордерине кол койгон үч судьянын бири болгон.