Орусиянын президенти Владимир Путиндин тун кызы Мария Воронцова Москва шаардык мэриясына караштуу РТВ телеканалына маек берди. Ал 42 мүнөттүк маегинде өнүгүп келаткан дүйнөлүк медицинадан, орусиянын адамдык касиеттерин жогору баалаган коомчулук экенинен жана өзүнүн хоббилери тууралуу кеп курган. Ал эми атасы Владимир Путин жөнүндө эч нерсе айткан эмес.
Мария Воронцова 38 жашта. Кесиби боюнча эндокринолог.