Путиндин инаугурациясы качан болору айтылды

Автор

Россиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясы 7-майда болорун Федерация Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик курулуш боюнча комитетинин башчысы Андрей Клишас комитет жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 6-майда, аземдин алдында сенаторлор COVID-19 үчүн ПЦР тестинен өтүшөт.
Бул инаугурация Путиндин президенттик кызматка киришүүдөгү бешинчи аземи болот .
Март айында өткөн шайлоодо Россиянын президенти Владимир Путинди шайлоочулардын 87,28 пайызы колдоду.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар

Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 26-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоо сунушталат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн