Россиянын кайра шайланган президенти Владимир Путиндин алгачкы чет элдик сапары Кытайга болот. Ал жерде Си Цзиньпин менен жолугарын Reuters маалымат булактарына таянуу менен билдирди.
Путиндин сапары Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Европага пландалган сапарынын алдында болот.
Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мамлекет башчысы бир нече чет элдик сапарларды пландаштырып жатканын билдирди.
Россиянын президентин шайлоо 15-17-март күндөрү өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Владимир Путин 87,28 пайыз добуш алды.