Сен эмнени издесең, мээң аны таап, сага алып келет. Кайсы пикирге колдоо көрсөтсөң ага тийешелүү маалыматтарды чогултуп берет. Эгер “бул иш болбой калсачы”,-деп ойлонгонуңда аракетиң азайып, жөндөмдүүлүгүң артка көздөй чегинет. Адам өзүн сооротууга шылтоо издейт. “Жашоодон кемип, жетишпей өтөмбү”,- дегендин ордуна “жашоодо менин жыргалчылыгым үчүн эмне бар”,-дегениңде мээң керемет пландарды ойлоно баштайт. Ошон үчүн мээни багыттоо керек.