Президент Кесиптик кошуундардын жолдомосу аркылуу санаторийлерде эс алууга мараторий жарыялады. Ал 2028-жылга чейин күчүндө болот. Мындан ары үнөмдөлгөн каражат менөн санаторийлер, курорттор жана эс алуу жайлары оңдоп, түзөөдөн өткөрүлмөкчү. Быйыл депутаттык комиссия Кесиптик кошуундар уюму тууралуу жыйынтыгын чыгарып, мыйзамсыз сатылып кеткен жер участокторун, санаторийлерди жана имараттарды аныктаган. Ысык-Көлдө кесиптик кошуундун жамааты менен жолугушуп жатып, президент нааразычылыгын билдирген эле.