Кыргызстандын профсоюздар федерациясы кеңештин жыйынында 8 курорттук жайды өз ара пайдалуу шартта КР президентинин иш башкармалыгына жана министрлер кабинетине өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда өткөн маалымат жыйынында федерациянын төрагасы Омор Арстанбеков билдирди.
Анын айтымында, федерациясынын карамагында азыр жалпысынын 26 мүлк бар.
«Биз Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын балансындагы 8 объектини өкмөткө келишимдин негизинде көп жылга ижарага берүү маселесин талкуулайлы деп кат жолдодук. Алар:
– “Жети-Өгүз” санаторийи;
– “Кыргызстан№” санаторийи ;
– “Арсланбап” пансионаты;
– “Чолпон-Ата” эс алуу үйү;
– “Ош” дарылоо пансионат;
– “Арстанбап-Ата” туристтик пансионаты;
– “Ош” туристтик комплекси;
– “Улан” балдардын ден соолукту чыңдоо борбору бар. Азырынча жооп боло элек»,-деди ал.