Убактылуу сактоо үчүн берилген 762.500 АКШ долларын кумарканада уттуруп жиберди деген шек менен колго түшкөн прокуратуранын бөлүм башчысы Р. Абдрасулов боюнча башкы прокуратуранын бөлүм прокурору Чолпон Абдимомунова түшүндүрмө берди. Анын айтымында, кармалган прокурор боюнча учурда тергөө иштери уланып жатат. Анын туугандары аталган сумманы камакка алынган күндүн эртеси эле алып келип, төгүп беришкен. Мындан улам ал казинодо ойноп, 562.500 АКШ долларын уттуруп жиберди деген чындыкка коошпойт деп билдирүү таратты.