Прокурорлорго төлөнгөн кенемте кайрадан каралат

Автор

Башмыйзамдагы Прокурорлор жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун  Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева көтөрүп чыкты. Анын айтымында, кырсыкка кабылып, көз жумган прокурорлорго бир жылдык эмгек акысын негиз алып, 21 миллион сом компенсация төлөп берүү өлкө бюджетине оордук кылат. “Биз бир мектепке 5 миллион таба албай жатабыз. Прокурорлордун өмүрү узун болсун албетте, бирок, аларга берилген төлөмдөр аябай көп. Баткенде каза болгондорго канча кенемте төлөнүп берилди, билесиңерби? Уят, мындай болбойт. Бул мыйзамды кайрадан карап чыгыш керек”- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Чүйдөгү атышууда эки күч кызматкери жаракат алды

Бүгүн, 17-майда эрте мененки саат 9:00 чамасында куралчан террористти кармоо учурунда ок атышуу болду. Былтыр Ош шаарында акча карактагандардын бириси Дмитриевка айылында баш калкалаган. Кармап келүү учурунда күч кызматкерлери  багынып берүүсүн талап кылган. Бирок, террорист куралынан ок чыгарган. Жыйынтыгында атышуу орун алып, террорист жок кылынды. Ал эми ок тийген эки […]

Сизге жагышы мүмкүн