Пригожин: Биз колонналарыбызды артка буруп, карама-каршы тарапка кетип жатабыз

Автор

Евгений Пригожин колонналарды буруп,  Россиянын шаарларынан талаа лагерлерине кеткенин жарыялады. Бул тууралуу өзүнүн Telegram-каналында аудио  аркылуу билдирди.  «Биз 23-июнда «Акыйкат маршына» бардык.  Бир күндө Москвага 200 чакырым  жетпеген аралыкка  келдик.  Азыр кан төгүлө турган учур.  Бир тараптан орустардын каны  төгүлө турганын эске алып бардык жоопкерчиликти түшүнүү менен  колонналарыбызды артка  бурдук»,-деген Пригожин аудио кайрылуусунда.
Кечээ кечинде Россияда “Вагнер” компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин куралдуу баш аламандык уюштурганын жарыялаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк интернетте Евгений Пригожиндин Вагнер”  Ростовдогу бардык аскердик объектилер, анын ичинде аэродромду көзөмөлдөп жатканын айткан видеосу чыккан.
Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко  Владимир Путин менен макулдашып, Вагнердин  жетекчиси Евгений Пригожин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн президенттин басма сөз кызматы билдирген.
Натыйжада, Лукашенко менен Пригожин Россиянын аймагында  жаңжалдарды чыгарууга жол берилбестиги жөнүндө макулдашууга келишкен.  Евгений Пригожин Лукашенконун Россиянын аймагында «Вагнер» компаниясынын куралдуу кызматкерлеринин кыймылын токтотуу жана чыңалууну басаңдатуу боюнча мындан аркы кадамдарды жасоо сунушун кабыл алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Акын Гүлжамила Шакирова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, УТРКнын Кыргыз радиосунун баяндамачысы, акын, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Гүлжамила Шакирова 68 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Гүлжамила Шакирова 1955-жылдын 28-декабрында Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун «Эне […]

Сизге жагышы мүмкүн