Россиянын Тергөө комитети Вагнер аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин жана башка командирлеринин өлүмүн тастыктады.
«Тверь облусунда болгон учак кырсыгын иликтөөнүн алкагында молекулярдык-генетикалык экспертизалар аяктады. Алардын жыйынтыгы менен каза болгон 10 адамдын бардыгынын өздүгү такталды, алар учуу баракчасында көрсөтүлгөн тизмеге туура келет»,-деп айтылат маалыматта.
Тергөө Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.