Япониянын премьер-министри Сигэру Исиба Россия менен Кытайды өлкөнүн аба мейкиндигин бузгандыгы үчүн айыптады. Ал коопсуздукка байланыштуу жагдайлар боюнча чара көрүүнү артыкчылык катары эсептей тургандыгын белгиледи.
Япониянын премьер-министри ошондой эле Түндүк Кореянын ракеталык учуруулары, өзгөчө «Хвасон-19» континенттер аралык баллистикалык ракетасын учуруу тууралуу эскерди. Ошондой эле ал Россия менен Түндүк Кореянын аскердик кызматташтыгын эске салды. Исибанын айтымында, Түндүк Кореянын аскерлери Россияга жиберилген жана украиналык аскерлер менен кагылышуулар болууда.