Премьер-министр Израил толук жеңишке чейин күрөшөөрүн айтты

Автор

Израил Газа тилкесинде карапайым калк чыгып кеткенден кийин толук жеңишке чейин күрөшөөрүн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди.
Буга чейин 7-февралда Израилдин премьер-министри аскер кызматкерлерине Газа тилкесинин Египет менен чек арасындагы Рафах шаарында согуштук аракеттерди баштоого даярдык көрүүгө буйрук берилгенин кабарлаган. Эки күндөн кийин Нетаньяху армияга карапайым калкты эвакуациялоо жана шаардагы ХАМАС кыймылынын калган төрт батальонун жок кылуу планын түзүүнү буйруган.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттын апасы 14 жыл жер акысын төлөбөй келген

Жогорку Кеңештин депутаты Равшанбек Рысбаевдин апасы Ош шаарынын чок ортосунда жайгашкан рестораны үчүн 14 жыл жер акысын мэрияга төлөгөн эмес. “Мээрим” рестораны жана анын алдындагы 16 коммерциялык обьект 2010-жылдан бери жер акысын мэрияга төлөбөй келгенин муниципалдык менчик башкармалыгы маалымат тараткан. Белгилүү болгондой, 2010-жылга чейин 10 сотых жерге Салтанат Маманова деген […]

Сизге жагышы мүмкүн