Премьер-министрдин отставкага арызын президент кабыл алган жок

Автор

Франциянын премьер-министри Габриэль Атталь парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктары боюнча отставкага кетүүгө арыз жазган. Президент Эммануэль Макрон анын арызын кабыл алган жок.
Президент премьер-министрден убактылуу кызматтан кетпөөнү суранып, “өлкөнүн туруктуулугун камсыз кылуу” үчүн ушундай кадамга барды.
Атталь парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктары боюнча отставкага кетүү пландары жөнүндө жарыялаган. Анын жыйынтыгы боюнча президент Эммануэль Макрондун коалициясы 168 мандат алып, экинчи орунду ээлеген. Президенттик блокту солчул күчтөрдүн коалициясы утуп, алар парламентте 182 орунду ээлейт.
Биринчи айлампада жеңишке жеткен Марин Ле Пендин “Улуттук биримдик” ультра оңчулдары экинчи айлампада үчүнчү орунду ээлеп, 143 мандат алышты.
Франциянын парламентине мөөнөтүнөн мурда шайлоо “Улуттук биримдик” Европа Парламентиндеги шайлоодо жеңишке жеткенден кийин жарыяланган.
Макрон январь айынын башында билим берүү министри болуп иштеген Габриэль Аттальды премьер-министр кылып дайындаган. Ал кезде анын жашы 34тө болчу. Ал Франциянын тарыхындагы эң жаш премьер-министр болуп калган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кадамжайда өзгөчө кырдаал режими алынды

Кадамжайда сел кесепеттерин жоюу иштери жыйынтыкталгандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 24-июнда нөшөрлүү жаандан улам Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылына сел келип, турак үйлөргө, жер төлө жана социалдык объекттерге суу кирген. Мындан улам 25-июнда Кадамжай районунун аймагына өзгөчө кырдаал […]

Сизге жагышы мүмкүн