Премьер-министрге кол салуу аракети: Кармалган адам себептерин атады

Автор

Словакиянын министрлер кабинетинин башчысы Роберт Фицого кол салууга шектелген адам суракка чейин өлкөнүн өкмөтүнүн саясий чечимдери менен макул эместигин айткан.
Маалыматтарга караганда ал киши бир ай мурда кол салууну чечкен. Себеби катары министрлер кабинетинин саясаты менен макул эместигин атады. “Мен өкмөттүн саясатына макул эмесмин. ЖМКлар жоюлуп жатат?”,-деди кармалган адам.
Өткөн айдын аягында Словакиянын министрлер кабинети Словакиянын радио жана телекөрсөтүүсүн өзгөртүү жөнүндө мыйзамды жактырган. ММКлар мындай жол менен министрлер кабинети коомдук телерадиоберүүнү көзөмөлгө алмакчы болгонун жазышкан.
Кол салган адам Левице шаарынын 71 жаштагы тургуну, жазуучу Юрай Синтула. Ал буга чейин жеке күзөт компаниясында иштеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар кармалды

Бишкекте тигүү цехинде мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу менен Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринде иштеген Пакистандын 28 жараны аныкталды. Тактап айтканда, алардын визасынын жарактуу мөөнөтү […]

Сизге жагышы мүмкүн