Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов эгемендүүлүктүн пайдубалын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн өлкөнүн Баатыры наамын алды.
Президентке бул наам Түркмөнстандын улуттук көз карандысыздыгынын негиздерин чыңдоого кошкон зор жеке салымы үчүн, кубаттуу мамлекеттин жаңы доорунда Түркмөнстандын бейтараптык принциптерин бекемдөөгө кошкон зор жеке салымы үчүн, Түркмөнстандын тарыхындагы өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылды.