Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөдө сууну керектөөнү 10 пайызга кыскартууну талап кылды. Демилге дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүнө жооп кайтаруу зарылдыгы менен түшүндүрүлөт. Ушул жылдын жай айларында Франция кургакчылык, токой өрттөрү жана дарыялардын кургашы коркунучунда турат. Андыктан өкмөт бул боюнча өз убагында чара көрүүнү пландаштырууда. Ага ылайык 2023-жылдын жай айына чейин бардык отчет берүүчү бөлүмдөр сууну үнөмдөө планын президентке тапшырышы керек.