Президент өлкөгө кайтып келди

Автор

Президент Садыр Жапаров Белгиядагы иш сапарында Белгиянын Королу Филипп Леополд Лудвиг Мария менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын зарылчылыгы тууралуу сөз жүрдү.
Ошондой эле Европа Кеңешинин Президенти Шарл Мишел менен жолугушту.
Анда соода-экономикалык кызматташуу, энергетика, транспорт, сейрек кездешүүчү металлдар, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду инвестициялоо боюнча талкуулашып, Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосунда кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту.
Ошентип,президенттин Белгия Королдугуна болгон иш сапары 26-июнда аяктады.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент карындашы Лаззат Нургожоеванын айланасындагы талкуулар боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, карындашы Лаззат Нуркожоеванын айланасындагы талкуулар боюнча үн катты. Маекти өзгөртүүсүз келтиребиз: — Карындашыңыз Лаззат Нургожоеванын жигити тик учак менен тоого барып, чоң шаан-шөкөт менен колун сураганы социалдык тармакта ар кыл талкууларга жем таштады. «Өлкө жетекчилеринин жакындары башкаларга үлгү болушу керек, тик учак жалдоого […]

Сизге жагышы мүмкүн