Президент үй жумуштары учурунда колунан жаракат алды

Автор

Польшанын президенти Анджей Дуда үйдө оңдоо иштерин жасап жаткан учурда оң колунун манжасынан жаракат алган. Бул тууралуу анын кеңешчиси Войчех Колярский билдирди.
Анын айтымында, президентке кичинекей операция жасалып, андан кийин толугу менен калыбына келген.
3-октябрда Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили менен жолугушуу учурунда Анджей Дуданын оң колу таңылуу болгон. Бул байкоочулардын кызыгуусун жараткан.
Анын эки манжасы кыймылдабай турган. Өлкө башчысынын колуна эмне болгону белгисиз болчу.

Бөлүшүү:
Next Post

Быштактын пайдасы

Быштак – сүттү ачытып, сыворотту бөлүп алуудан алынган сүт азыгы. Протеинге жана кальцийге бай, өз алдынча тамак катары же десерттерге жана закускаларга негиз катары ылайыктуу. Быштактын пайдасы: 1. Протеинге бай – булчуңдардын курулушуна жана токчулукка жардам берет. 2. Кальций – сөөктөрдү жана тиштерди бекемдейт. 3. В тобундагы витаминдер – зат […]

Сизге жагышы мүмкүн