Владимир Зеленский келерки жылытуу мезгилине чейин Украинанын энергетикалык объектилерин коргоону күчөтүүнү жана бузулган инфраструктураны калыбына келтирүүнү тапшырды.
“Келерки кышка даяр болуу үчүн бардыгын жасайбыз. Алты айдын ичинде биздин энергетиктер, өкмөт, коопсуздук кызматтары тапшырмаларды аткарат. Талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүү чоң иш, ал эми башталды,-деди Зеленский видео кайрылуусунда.
Буга чейин Украинанын энергетика министри Герман Галущенко өлкө жылытуу мезгили энергия ашыкчасы, газ жана көмүрдүн жетиштүү запасы менен аяктап жатканын билдирген.