Президент эл аралык олимпиадалардын байге ээлери менен жолукту

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта (U20) байгелүү орундарды ээлеген жаштар жана алардын мугалимдери менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров жаш интеллектуалдарды жана спортчуларды куттуктап жатып, соңку жылдары мамлекет кайсы гана тармакка болбосун, анын ичинде өлкө байрагын чет жерде желбиретүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жатканын айтты.
Ал баса белгилегендей, мындай камкордукка жараша мекенчил жаштар күтүлгөн натыйжаларды жаратууда

Бөлүшүү:
Next Post

Футбол боюнча Кыргызстандын кубогун "Мурас Юнайтед" командасы жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча кубогун финалда Кант шаарынын “Абдыш-Ата” командасын 3:2 эсеби менен уткан Жалал-Абад шаарынын “Мурас Юнайтед” командасы жеңди. Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, мелдеш күн мурун Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда өттү. Сыйлоо аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышып, “Мурас Юнайтеддин” оюнчуларына медалдарды тагып, жеңиши менен куттуктады. Спорттук иш-чарада белгилүү эстрада […]

Сизге жагышы мүмкүн