Президент «Жаңы-Барак” айылынын ачылышы учурунда Абдикерим Бекмырзаев аттуу аксакалды издеди. Ал 2022-жылдагы Элдик Курултайда Кара-Суу районунан барган делегат катары айыл өкмөттөрдүн коррупцияга батканын айтып, “11 гектар жер, муну көтүңө тыгасыңбы”,- деген сөзү аркылуу элдин эсинде калган.
Аксакал Абдикерим Бекмурзаев президент менен учурашып, умрага барып келгенин, Кыргыз элине бата тилегенин айтып, айылды тез арада бүтүрүп бергени үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирди. Өз кезинде президент айылдын жолдоруна келерки жылы асфальт басылаарын убадалады.