Президент эки операциядан кийин ооруканадан чыгарылды

Автор

Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силванын ооруканада дарылануусу аяктады. Ал өз милдеттерине кайтып келет. Бирок дарыгерлер ага 15 күндүн ичинде физикалык жүктөрдү азайтууну жана авиакаттамдардан баш тартууну сунушташты.
9-декабрда Бразилиянын президенти Бразилия шаарындагы ооруканага башы ооруп келген. Магниттик-резонанстык томография (МРТ) баш мээдеги кан агуу бар экенин көрсөткөн. Президент Сан-Паулудагы ооруканага жөнөтүлүп, баш мээсине эки операция жасалды. Бул убакта мамлекет башчысынын милдетин вице-президент Жералду Алкмин аткарды.

Бөлүшүү:
Next Post

Ишкер камакка алынды

Бишкекте Gergert Sport дүкөнүнүн ээси камакка алынды. Аны укук коргоочулар кармап кетишкен. Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, февраль айына чейин камакта калтырган чечимин чыгарды. Аталган дүкөндүн ээси Виталий Гергерт боюнча УКМК же, ИИМ комментарий бере элек. Эскерте кетсек, 2021-жылы Финансы полициясы дүкөнгө мөөр басып, […]

Сизге жагышы мүмкүн