Президент Швейцариянын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, өлкөгө расмий сапар менен келген Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассисти кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтыктын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болуп, анын ичинде саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу күн тартиби, региондор аралык кызматташтык, Швейцариянын Кыргызстандагы долбоордук ишмердүүлүгү, туризмди жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы дипломатиялык мамилелер орногондон бери эки өлкө ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты канааттануу менен белгиледи.
Президент 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд АКШ долларынан ашкандыгын айтып, бул көрсөткүчтү мындан ары жогорулатуунун үстүндө биргеликте жигердүү иш алып баруу зарылдыгы боюнча пикирин билдирди.
Биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу контекстинде Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча ишкананы, ошондой эле Швейцария 20 миллион швейцариялык франктан ашык салым кошкон Ат-Башы ГЭСинин реконструкцияланышын айтып өттү.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле банк жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты бекемдөөнү, тоо күн тартибин алдыга жылдырууну сунуштады.
Өз кезегинде Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын олуттуу потенциалын белгиледи.
Ал Швейцария өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин спектри боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында 310 метрлик туннель табылды

Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери Чек ара кызматы жана “Ташкент-Аэро” адистештирилген бажы комплексинин кызматкерлери биргеликте Индиядан Казакстан аркылуу Өзбекстанга сапаты кепилденбеген дарыларды мыйзамсыз ташып келген трансчегаралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныкташты. “Дели – Ташкент – Алматы” каттамы менен дары-дармектер жеткирилип, аларды Казакстандын Түркестан облусунун Сарыагаш районунан Ташкент облусуна туннель аркылуу алып өтүшкөн. […]

Сизге жагышы мүмкүн