Кыргызстанга дары – дармектер мындан ары мамлекет тарабынан заводунан түз алынып келинет. Учурда 10 пайыз келишим түзүлдү. Бирок, президент 100 пайызга келишим түзүп, мамлекет өзү көзөмөлгө алышын тапшырды. Ортомчу фирмалар дарыларды кымбаттатып, монополияга айландырып алганы өкмөттүк жыйналышта айтылды. “Учурда 10 эле пайыз келишим түзүлүптүр. 115 млн сом эконом болуп жатат. “Кыргызфармация” мамлекеттик ишкана түзгөнүбүздүн себеби, дары – дармектердин ташылып келишин мамлекет өзү колго алсын дедик. Жеке фирмалар 100 эсе кымбат сатып жатышат”,- деди президент. Ошондой эле саламаттык сактоо министри Гүлнара Батыровага сын айтты. “Акча которулган жок деп карап отурасыз, мага айтпайсызбы. Ушулардын баарын уюштуруп, жолго сала турган сиз болушуңуз керек эле”,- деп айтты.