Президент түз эфирде отурганда жер титиреди

Автор

Румынияда күчү 5,3 болгон жер титирөө болуп, Бухаресттен 7 чакырым аралыкта катталды.
Жер титирөөнүн толкундары Молдова менен Украинада сезилди.
Жер титирөө Молдованын президенти Майя Сандунун “Moldova1” телеканалында түз эфирде алып баруучу менен сүйлөшүп жаткан учурда болгон жана бул окуя видео тасмага түшкөн.
“Бизде бир кызыктуу нерсе болуп жатат, бизде премьера – түз эфирде жер титирөө. Бул кандайдыр бир жакшы жышаан болсо керек деп үмүттөнөм”,-деп тамашалаган алып баруучу программага катышканы үчүн президентке ыраазычылык билдирип, эфир өзгөчө аяктаганын белгиледи.
Соц тармактардын колдонуучулары президенттин бул окуяга сабырдуу реакция кылганына ар кандай билдирүүлөрдү жазышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Эми депутат болгусу келгендер кызматтарынан кетишет

Административдик, аймактык чек аралар өзгөргөндүгүнө жана мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылды. Президент Садыр Жапаров 6-сентябрда жарлыкка кол коюп, мындан улам Баткен, Чүй, Нарын Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында 17-ноябрь күнү шайлоо өткөнү турат. Эми саясий партиялар 5 пайыздык босогодон өтүшү керек. Мурда бул 7 пайыз деп белгиленип келген. Шаардык […]

Сизге жагышы мүмкүн