Президент Садыр Жапаров Сокулук районунда жайгашкан мобилдик мульти-диагностикалык комплекске барды.
Аталган клиникада бейтаптар акысыз кароодон өтөт жана ар кандай ооруларды аныктоо боюнча бекер консультация алышат. Президент клиникада медициналык адистердин кароосуна келген жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, ар түрдүү форматта баарлашты.
Белгилүү болгондой, келечекте боор, жүрөк жана жилик чучугун трансплантациялоо кызматтарын ишке ашыруу боюнча клиникада даярдыктар жүрүп жатканы айтылды.