Президент Садыр Жапаров 11-октябрда Түркмөнстанга барат

Автор

КР Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен 11-октябрда Ашхабад шаарына барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышат.

“Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата өтө турган эл аралык форум өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Гастрит бар экенин кантип билсе болот?

Гастриттин негизги белгилери болуп төмөнкүлөр саналат: Зарна, кусуу, кекиртек, ичтин көбүшү, баш оору, жүрөктүн кагышы, баш айлануу, шилекейдин көп иштелип чыгуусу, чаңкоо. Өнөкөт гастрит акырындык менен пайда болот. Белгилери жана симптомдору төмөнкүлөрдү камтыйт: Ичтин үстүңкү бөлүгүндөгү оору, тамактанган сайын оорунун көбөйүшү же азайышы мүмкүн. Жүрөк айлануу, кусуу, тамактангандан кийин ичтин […]

Сизге жагышы мүмкүн