Президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугушту

Автор

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Душанбе шаарында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчылары ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартиби жана Борбор Азия мамлекет башчыларынын алдыдагы Бешинчи Консультативдик жолугушуусу боюнча пикир алмашты.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки мамлекеттин жана элдердин ортосундагы ынак коңшулукту бекемдөө максатында үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу баарлашууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Европарламент Лукашенкону камакка алууга ордер берүүнү талап кылды

Европарламент Беларус лидери Александр Лукашенкону Украинадагы жаңжалга тиешеси бар деп таанып, Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотун (ЭКС) аны камакка алууга ордер берүүгө чакырды.  Бул тууралуу ЕП резолюциясында айтылат. Белгилей кетсек, европалык парламентарийлер Лукашенкону “Украинага зыян келтирген жана балдарды мыйзамсыз өткөрүп берүүгө катышкан” деп айыптаган.  Алар ошондой эле Евробиримдик Кеңешин Россия […]

Сизге жагышы мүмкүн