Президент Садыр Жапаров Татарстанга келди

Автор

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында Татарстанга келди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын борту Казань шаарындагы Г.Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Татарстандын башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Эске сала кетсек, Садыр Жапаров «Келечек оюндары» эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат. Мындан тышкары иш-чаранын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Аскар Бешимов Кыргызстандын Непалдагы элчиси болуп дайындалды

Бешимов Аскар Жолчубекович Индиянын Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Непалдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн