Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Венага келди

Автор

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Австрия Республикасына келди.Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Венанын эл аралык аэропортунда мамлекет башчысын Австрия Республикасынын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин протоколунун жетекчиси Максимилиан Хеннинг тосуп алды.
Венанын эл аралык аэропортунун флагштокторуна Кыргызстандын жана Австриянын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлдү.
Расмий сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Австриянын Федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен чакан жана кеңейтилген форматта, Федералдык Канцлер Карл Нехаммер, ошондой эле Улуттук кеңештин төрагасы Вальтер Розенкранц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысымы жогорку кесипкөйлүктүн символуна айланган: Мамбет Мамакеевге жазылган некролог

Кыргыз элинин чыгаан уулу – КР Баатыры, Улуттук илимдер академиясынын академиги Мамбет Мамакеевич Мамакеевдин дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен билдиребиз. Ысымы жогорку кесипкөйлүктүн жана өз ишине берилгендиктин символуна айланган улуу кыргыз хирургу 98 жаш курагында арабыздан кетти. Мамбет Мамакеевич 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында туулган. Анын өмүр жолу сыноолорго […]

Сизге жагышы мүмкүн