Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Берлинге келди

Автор

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Германия Федеративдүү Республикасына (ГФР) келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын борту Берлин шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Учактан түшө беришинде килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.
Президент Садыр Жапаровду Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол жетекчисинин орун басары Фолькер Тиммерман жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Расмий сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.
Тараптар кыргыз-герман эки тараптуу кызматташтыгынын бүткүл комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы германиялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Алгачкы жолу ичимдик саткан дүкөн ачылат

Сауд Арабияда алгачкы жолу спирт ичимдиктерин сатууга уруксат берилет. Бул принц Салмандын “2030-Визион” деп атаган реформасынын алкагында ишке ашууда. Өлкөнүн борбор шаары Эр-Риядда ачыла турган дүкөндөн мусулман эместер гана соода – сатык кыла алышат. Борбор шаарда элчиликтер жайгашканын эске алганда аталган дүкөн дипломаттарга эшигин ачат. Мындан 70 жыл мурун 1952-жылы […]

Сизге жагышы мүмкүн