Президент Садыр Жапаров Москвадагы парадга катышат

Автор

Президент Садыр Жапаров 8-майда Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына катышат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары “2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча жана “2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө” баяндамаларды угушат. Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу, анын ичинде бир жагынан ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттер, экинчи жагынан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосунда, товарлардын жасалган жерин сертификациялоонун жана верификациялоонун электрондук системасынын алкагында маалыматтарды электрондук алмашуу жөнүндө Протоколдун долбоорун жактыруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, “Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл” медалын уюштуруу планда турат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия Украинанын дагы бир аткаминерине издөө салды

Россия Украинанын мурдагы ички иштер министри Арсен Аваковду издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизди. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин сайтында айтылат. Россиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, Аваков мурда Донбасстагы кылмыш иштерине катышкан. Ал 2018-жылы Киевде, Львовдо орус дипломатиялык мекемелеринде өткөн президенттик шайлоодо россиялыктардын шайлоо укуктарын эркин ишке ашыруусуна кийлигишкен. Аваков […]

Сизге жагышы мүмкүн