Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Париж шаарына иш сапары менен келди.
Мамлекет башчысынын борту «Шарль-де-Голль» эл аралык аэропортуна конду.
Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета» саммитинин ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.
Мындан тышкары Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.