Президент Садыр Жапаров “Дордой” базарына барды

Автор

Бүгүн, 5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарына барды. Учурда  Мамлекет башчысы жеринде соодагерлер менен жолугушуп, алардын суроо-талаптарын угууда.

Эске салсак, 1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, митингге чыгышкан. 29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарынын ишкерлери акция өткөргөн.

Кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзгөнү кабарланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өттү

Бишкек шаарында грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш “Манас” эпосунун күнүнө карата уюштурулуп, спорттук иш-чарага Россия, Казакстан, Швеция, ошондой эле Кыргызстандын аймактарынан келген спортчулар катышты. «Эң мыкты жыйынтыктоочу жолугушуу үчүн» турниринин эстелик кубогу төмөндөгүлөргө ыйгарылды: – 72 кг салмакта Новосибирск шаарынан келген спортчу Грайр […]

Сизге жагышы мүмкүн