Президент Садыр Жапаров Акаевдин статусу боюнча суроолорго жооп берди

Автор

Президент Садыр Жапаров, Кабар маалымат агенттигине экс-президенттин статусу боюнча суроолорго жооп берди.
Анда Садыр Жапаров Аскар Акаев өз кызыкчылыгын коргоого мыйзамдуу укугун колдонуп жатканын, бул маселени Жогорку Кеңеш өз алдынча чечиши керектигин билдирди.
Журналист эгерде Акаевге экс-президент макамы кайтарылса, Алмазбек Атамбаев жана Курманбек Бакиев дагы Жогорку Кеңешке ушундай эле талап менен кайрылса, кандай болорун сурады.
“Менин жеке оюм боюнча, Акаевдин абалын Атамбаев же Бакиевдин абалы менен салыштырган туура эмес. Бул жерде чоң айырмачылыктар бар. Акаев өлкөдөн кеткенде адам өмүрү кыйылган эмес. Ага карата кылмыш иши козголгон жок жана ал издөөдө болгон эмес. Албетте, Акаевдин башкаруусу учурунда катачылыктар, чоң кемчиликтер болгон. Бирок ошол эле учурда эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында жетишкендиктер да болгон. Муну да унутпашыбыз керек.
Ал эми Атамбаев жана Бакиев боюнча айта турган болсок, бул учурларда адам өмүрү кыйылган. Ошондуктан, менимче, парламент аларга экс-президент макамын ыйгарып койсо туура болбойт. Андан тышкары, аларга кылмыш иши козголгон”,-деди мамлекет башчысы.
Эске салсак, 5-сентябрда Аскар Акаев Жогорку Кеңешке кайрылып, өзүнө экс-президент макамын кайтарууну суранган кат жөнөткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинанын жаңы тышкы иштер министри дайындалды

Жогорку Раданын депутаттары Андрей Сибиганын талапкерлигин Украинанын тышкы иштер министри кызматына бекитишти. Буга чейин ал өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. Сибиганын дайындалышын 258 депутат колдоду. Керектүү добуштун саны 226 болчу. Бул кызматта Сибига 2020-жылдын март айынан бери министрликти жетектеп келген, отставкага кетүү тууралуу арыз берген Дмитрий Кулебанын […]

Сизге жагышы мүмкүн