Президент Садыр Жапаров Рим папасы менен жолугушту

Автор

Бүгүн, 4-октябрда Ыйык Тактыга (Ватикан) жасаган расмий сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Рим папасы Франциск менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы тынчтыктын, адилеттүүлүктүн жана элдер менен диндердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жогорку принциптерин жана идеалдарын илгерилетүүгө болгон берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
Садыр Жапаров Рим папасы Францисктин дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында чыр-чатактарды чечүүгө жана адилеттүүлүктү орнотууга кошкон жеке чоң салымын айтып өттү.
Президент Кыргызстан ондогон этникалык топтордун өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашаган светтик көп улуттуу мамлекет экенин баса белгиледи. Мамлекет дин тутуу эркиндигин кепилдейт жана дин тутуп, сыйынуусуна кийлигишпейт.
Конфессиялар аралык ынтымак тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров Кыргызстанда өлкөнүн бардык диний жамааттары биздин коомдун ажырагыс бөлүгү болуп саналарын жана анын өнүгүшүндө маанилүү ролду ойной турганын кошумчалады.
Ал ошондой эле Кыргызстандын салттуу баалуулуктарынын бири дайыма толеранттуулук жана маданий көп түрдүүлүктү урматтоо болуп келгенин белгиледи. Руханий-адеп-ахлактык принциптер тарых бою кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон.
Рим папасы Франциск да Кыргызстандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомду колдоо аракетин жогору баалап, бул баалуулуктарды сактоо боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Баарлашуунун аягында президент Садыр Жапаров Рим папасы Францискти анын өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

5-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 5-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан карга айланышы мүмкүн калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде […]

Сизге жагышы мүмкүн