Президент Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын командасына тууну тапшырды

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда алдыда боло турган ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго Мамлекеттик тууну тапшырды.

Мамлекет башчысы олимпиадачылардын алдында сүйлөп жатып, Олимпиада – бул дүйнөлүк масштабдагы иш-чара экенин, дүйнөлүк спорт тарыхында абдан маанилүү орунду ээлерин белгиледи. Ошондуктан Олимпиадада ар бир өлкө жалаң алдыңкы орундарды багындырып, жеңиштерге жетүүгө жан үрөйт.

Садыр Жапаров эгемендик жылдар аралыгында өлкөбүз жалпы 7 Олимпиада медалын: 3 күмүш жана 4 коло жеңип алганын эске салды. Алардын баары жайкы Олимпиадаларда жетишилген ийгиликтер болгон. Сиднейде дзюдочу Айдын Смагулов коло медаль, Пекинде балбандар Канат Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев менен Базар Базаргуруев коло медалдарды жеңип алган. Кечээ жакынкы жылдары эле Токиодогу Олимпиадада Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов күмүш медалдарды, Мээрим Жуманазарова болсо коло медалдарды жаркыратып тагынып келишкен.

Президент жакында боло турган жайкы Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгонун айтты. Мамлекет башчысы алардын басымдуу бөлүгү күрөш боюнча экенин баса белгиледи. Күрөш – биздин олимпиадалык спорттун түрлөрүнүн ичинен негизги локомотиви болуп, Кыргызстан бүт дүйнөгө таанылып, даңазаланды.

“Бүгүн бул жерде үч жылдан бери кайрат-күчүн жыйып, талап кылынган тартипти катуу сактап, өжөрлөнө машыгып, акыры Кыргызстандын намысын коргоо укугуна ээ болгондор чогулуп отурушат. Дегеле соңку жылдары өлкөбүздө спорт жаатында күчтүү жаш муун өсүп келатат. Биздин спортчуларыбыздын келечеги али алдыда!” – деп белгилеп, Садыр Жапаров ары мекенчил, ары күчтүү, ары адептүү уул-кыздарды таптап, өстүрүп, дүйнөлүк майданга алып чыгып, Кыргызстандын атын таанытып жаткан жалпы машыктыруучулар жамаатына кесипкөйлүгү менен таланты үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент өз сөзүндө, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо бекем пайдубал болгон спорттун маанисин өлкө жетекчилиги абдан жакшы түшүнөрүн айта кетти.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-24: Бүгүн Олимпиада мелдештери башталат

Бүгүн, 24-июлда Париж олимпиадасындагы оюндардын айрым түрлөрү боюнча мелдештер башталат. Алгач, кыз-келиндер арасында синхрондук трамплинден (үч метр бийиктиктен) секирүү боюнча түрү XXXIII жайкы олимпиаданын мелдеш «эшигин» ачат. Олимпиаданын ачылыш аземи 26-июлда өтөт. Ошол күнү спорттун секирүү боюнча финалдык фазасы болуп, алгачкы алтын медаль ээсин табат. Ушул эле күнү (10 метр […]

Сизге жагышы мүмкүн