Президент: Мен жакшы ниети бар кары адаммын

Автор

Тактап айтканда, америкалык лидердин документтерди туура эмес сактаганы боюнча атайын прокурордун баяндамасы АКШ президентин кыжырдантты. Анда АКШ лидери «эс тутуму начар улгайган адам» деп аталган.
“Мен жакшы ниети бар кары адаммын жана эмне кылып жатканымды билем. Мен президентмин жана бул өлкөнү бутуна тургуздум”,-деди Байден Ак сарайдан. Атайын прокурордун АКШ президенти уулунун качан өлгөнү эсинде жок деген сөздөрүнө комментарий берген Байден ачууланып, “Ал бул теманы көтөрүүгө кантип батынды!”-деди президент.
Бир күн мурда атайын прокурор Роберт Хёр Байдендин жашыруун документтерди туура эмес сактаганы боюнча баяндамасын жарыялаган. Анда Байден эс тутумундагы көйгөйлөрдөн улам жашыруун документтерди ката менен сактап жүргөнүн жана ал вице-президент болуп иштегенин да эстебей калганын белгилеген.
Апта башында Байден 1996-жылы каза болгон Франциянын президенти Франсуа Миттеран менен жакында жолукканын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттар Лигасы: Тайпалардын курамы белгилүү болду

Парижде 2024/25 сезонунда төртүнчү жолу өткөрүлө турган Улуттар Лигасынын тайпалык баскычына чүчү кулак ташталды. Беттештер 5-сентябрдан 19-ноябрга чейин, плей-офф ноябрда башталат жана финалдык турнир 2025-жылдын 4-8-июнунда өтөт. Турнир төрт лигада өтөт. А лигасында тайпанын курамы: 1-топ: Хорватия, Португалия, Польша, Шотландия; 2-топ: Италия, Франция, Бельгия, Израиль; 3-топ: Нидерланды, Германия, Босния жана […]

Сизге жагышы мүмкүн