“Кыйкырсаңар укмуш кыйкырасыңар. Суу керек, мектеп керек, бала бакча керек, ал керек, бул керек деп. Анын баары эмненин эсебинен салынат, билесиңерби”,- деди президент «Дордой» соода базарында соодагерлер менен жолугушуп жатып. Жолугушууда айрым соодагерлер кыйкырып, президенттин сөзүн бөлүп жиберишти. “Кыргыз эли 30 жылдан бери бузулуп кеткенбиз. Сүйлөшөйүн десең эле бакырып, кыйкырып киресиңер”,- деп чурулдагандарды какты. Президент 30 жылда болбогон иштер 2 жылда эмненин эсебинен ишке ашканын айтып берди.
“Биз бюджеттен, бажыдан, салыктан уурдагандарды тыйдык. Ошонун эсебинен бюджет 2.5 эсе, бажы 3 эсеге өстү. Анан, жөндөн жөн эле бийлик уурдап атат дебегиле. Бийлик уурдай элек. Контейнерлерин арендага бергендер, товарды дүңүнөн алып келип, силердин патентке көрсөтүп салгандар уурдап атат. Келгиле, мага жардам берсеңер, ушуларды бирге тыялы”,- деп айтты президент.