Президент Лукашенко ЕАЭБ жыйынынын алдында отун жарды

Автор

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко Ленинград облусуна иш сапары менен келип, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына чейин отун жарды.
Беларуссиянын президентинин басма сөз кызматына жакын “Пул первого” Telegram-каналы анын иштеп жаткан сүрөттөрүн жарыялады.
“Биринчинин иш күнү таңда башталды. Сиз маанилүү сүйлөшүүлөрдүн алдында кандайча машыгасыз?” – деп жазылган билдирүүдө.
Лукашенко 25-декабрда Санкт-Петербургга КМШнын саммитине жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген.
КМШга мүчө мамлекет башчыларынын жолугушуусун Санкт-Петербургдун өзүндө эмес, анын чет жакасында өткөрүү чечими кабыл алынган. Саммиттин аянтчасы катары Карелия кысыгындагы, шаардан бир сааттык аралыкта жайгашкан “Игора” курортунун аймагындагы Муз сарайы тандалган.

Бөлүшүү:
Next Post

27-декабрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 27-декабрда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл районунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн