Өзбекстандын президентинин администрациясында администрация башчысынын кызматы жоюлду. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койду.
Жарлыктын негизинде Умурзаков Сардор Уктамович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин өзгөчө иштер боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.
Президенттик администрациянын жаңы иерархиясында биринчи жардамчысы эң жогорку кызматка айланат.
“Озодлик” радиосу Өзбекстан өкмөтүндөгү атын атабаган булактарга таянып билдиргендей, бул кызматка Саида Мирзиёева дайындалат.
Азыр ал президенттик аппараттын коммуникациялар маалымат саясаты секторунун башчысы кызматында.