Президент Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады

Автор

КР президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-декабрда, Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду.
Мамлекет башчысынын кайрылуусу:
“Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Бүгүн – дүйнө жүзүндө башкаруунун, экономикалык өнүгүүнүн жана социалдык адилеттүүлүктүн негиздерине доо кетирген эң коркунучтуу жана кыйратуучу көрүнүштөрдүн бирине чечкиндүүлүк менен каршы турууга чакырган Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү!
Коррупция — бул жөн гана мыйзам бузуу эмес. Бул мамлекетибиздин туруктуулугу менен келечегине коркунуч туудурган кооптуу көрүнүш! Ал элдин бийликке болгон ишенимин талкалайт, коомдук жана экономикалык механизмдерди алсыратат, өнүгүүгө тоскоол болуп, ар бир жаранга зыян келтирет.
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Биз өнүккөн мамлекетти куруу үчүн мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн негиздерин чыңдоого, мыйзам алдында бардыгынын теңдигин камсыз кылууга, жарандардын ишенимине доо келтирген бардык көрүнүштөрдү жоюуга багыт алдык.
Акыркы жылдары мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жогорулатуу боюнча олуттуу кадамдар жасалды. Коррупциялык тобокелдиктерди жоюп, көзөмөлдү, жоопкерчиликти күчөтө турган Электрондук өкмөт системасы өнүгүп, кызматтар ортомчуларсыз көрсөтүлүүдө. Мындан сырткары, биз укук коргоо органдарын реформалоо, сот системасынын көз карандысыздыгын бекемдөө жана коррупцияга байланышкан иштерде адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча активдүү иш алып баруудабыз.
Коррупция – бул жөн гана мамлекеттик органдардын эле эмес, бүтүндөй коомдун көйгөйү. Коррупцияны жеке эле мамлекеттик бир мекеме же уюм жеңе албайт, бул күрөшкө ар бир кыргыз жараны тартылууга тийиш. Биз жаш муундарды мыйзамды урматтоого жана чынчылдык принциптерине берилгендикке тарбиялашыбыз керек.
Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн, алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонуу, коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле өлкөдөгү коррупцияны минималдаштыруу боюнча туруктуу натыйжаларга жетүүгө багытталган чаралардын комплексин ишке ашыруу максатында 2025–2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны быйыл атайын Жарлык менен бекиттим.

Урматтуу мекендештер!
Коррупция — бул биздин биргелешкен күч-аракетибизди талап кылган чакырык. Биз баарыбыз ушул коркунучка каршы турсак, коррупциясыз келечек кура алабыз деп бекем ишенем. Мамлекеттин, коомдун, бизнестин жана ар бир жарандын аракеттерин бириктирүү аркылуу биз адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жана калыстык бааланган өлкөнү курууга жетишебиз.
Коррупцияга каршы күрөштү жигердүү колдоо менен өлкөдөгү кырдаалды өзгөртүүгө көмөктөшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем.
Ар бир кыргызстандык өзүнө адилеттүү мамиле жасала тургандыгына ишенген, бийлик айрым бирөөлөргө эмес, элге кызмат кылган системаны түзүү боюнча иштерди үзгүлтүксүз улантабыз”.

Бөлүшүү:
Next Post

Ирандын ТИМи Сирияда жарандык согуш тууралуу эскертти

Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Арагчи Сирияда Дамаск куралдуу оппозиция тарабынан басылып алынгандан кийин жарандык согуш башталуу коркунучу бар экенин эскертти. Анын айтымында, Иран бийлиги “Сириядагы окуялардын өнүгүшүнө” көз салып жатат жана Сирияда жарандык согуш чыгып, өлкө жарым-жартылай же толугу менен бөлүнүп кетиши мүмкүн деп кооптонууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн